Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Кандайдыр бир жагымсыз иши, начар мамилеси, кылык-жоругу үчүн өзүн күнөөлүү сезип, ачык мамиле кыла албай оңтойсуз, ыйңгайсыз абалда калуу. Кашкары бет кат болуп, устасын жооткотуунун ылайыгын таппай өз абалынан долдурады (Бейшеналиев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Кандайдыр бир жагымсыз иши, оңтойсуз мамилеси, кылык-жоругу үчүн өзүн күнөөлүү сезип, ачык мамиле кыла албай, ыңгайсыз абалда калуу. Кашкары бет кат болуп, устасын жооткотуунун ылайыгын таппай өз абалынан долдурады (Бейшеналиев).